
Апта Азаттыкта
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Орошон окуялар адаттагыдай «Азаттыктын» толкунунда. Биздин баяндамачылар окуяны терең талдап, башкалар баамдабаган өңүттөрүн ачып берет.
Episodes
Reading the feed…

Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Орошон окуялар адаттагыдай «Азаттыктын» толкунунда. Биздин баяндамачылар окуяны терең талдап, башкалар баамдабаган өңүттөрүн ачып берет.
Reading the feed…
Кыргызстан Орусиядан айына 100 миң тоннадан күйүүчү май ташып келүүнү макулдашты. Андан тышкары Азербайжан, Кытай, Беларустан май ташуунун жолдору сүйлөшүлдү. Күйүүчү май кризисинен улам Кыргызстан бул жаттагы импортту диверсификациялоо аракетин көрүүдө.
Зомбулуктан кыйылган өмүрлөр, талкаланган тагдыр жана жабыркаган ден соолук бир үй-бүлөнүн эле маселеси эмес, ал социалдык көйгөй. Бүгүнкү подкастта Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы коомдун оорусуна айланган үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу сөз кылабыз.
Украиналык дрондор өтүп бараткан аптада үч ирет Wildberries маркетплейсинин Орусиянын бир нече аймагында, аннексияланган Крым жарым аралында жайгашкан кампаларына, логистикалык борборлоруна сокку урду. Маалыматтарга караганда, сегиз киши каза тапты, ондогону жарадар болду. Материалдык чыгым тарткандардын арасында кыргызстандыктар да бар. Эмне үчүн украин армиясы Wildberries бутага алып келатат?
Кыргызстанда өтүп бараткан аптада Бишкектен Ошко учуп бараткан учуп жаткан учак кырсыкка кабылып, жүргүнчүлөр эвакуацияланды. Ага удаа эле Раззаков шаарына учуп барган учак техникалык себептерге байланыштуу кайрадан Бишкекке кайтууга аргасыз болгон. Жарандык авиация агенттиги бардык авиакомпаниялардын учактарын текшере баштаганын билдирди. Казакстандын Конституциялык соту өлкөдө жаңы Баш мыйзам күчүнө киргенден кийин Касым-Жомарт Токаевдин мурдагы президенттик мөөнөтү эсепке алынбайт деген чечим чыгарды. “Алмашылгыс президенттер” Борбор Азиядагы постсоветтик өлкөлөрдүн көбүнө мүнөздүү. Бирок ч
Орусияда күйүүчү майдын тартыштыгы бүт өлкөнү кучагына алып, бензин чектөөлөр менен сатылууда. Керектөөлөрүнүн баарын Орусиядан алган Кыргызстанда жагдай кандай болот? Кыргызстанда бийликти алмаштыруу, төңкөрүш аракети катары сыпатталып жаткан “75чилердин каты” аталган окуяга райондук сот чекит койду. Февраль айында " Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышы, бийликтеги тандемдин урашы, соңу келип мунун аягы эмне менен бүтөт деген чоң суроону жараткан. “Апта Азаттыкта” ушул эки окуя тууралуу сөз кылабыз.
Өтүп бараткан аптада коомчулукта “75чилердин каты” деп аталган окуя боюнча сот иши кайрадан жабык каралмак болду. Ташиев баштаган сегиз кишинин үстүнөн жүрүп жаткан соттук териштирүү аптаптуу жайдын чоң саясий окуясы болууда. Ал тапта Ысык-Көл форумуна бир катар эл аралык реакциялар болду. Бирок Кыргызстандын өзүндө ага карата сын-пикирлер күчөдү. Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин форумга катышканы, анын айрым билдирүүлөрү бул аптанын негизги талкууланган темалары болуп калды. “Апта Азаттыкта” мына ушул эки окуя тууралуу айтып беребиз.
Өтүп бараткан аптада АКШ, Мексика жана Канадада футбол боюнча Дүйнө чемпионаты башталды. Чемпионатка катышып жаткан Иран жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаал. Кыргызстанда коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган сегиз кишинин соту ачык өтмөй болду.
Апта соңунда Арменияда парламенттик шайлоо өтөт. Мунун алдында Орусия Ераванга кысымын күчөтүп, армян экспортуна тыюу салууда. Еравандын өз алдынча саясатын жактырбаган Москванын басымы эмне менен аяктайт? Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы эмне берет?
Бул аптада Орусия Украинага согуш ачкандан берки эң масштабдуу дрон жана ракета чабуулдарын жасады. Дрондор кантип согуштун негизги күчүнө айланууда? Кыргызстанда дизелдин баасы 100сомго жакындап калды. Дүйнөдө 30 пайызга чейин өскөн күйүүчү майдын баасын кыргыз өкмөтү кантип ооздуктап жатат?
Өтүп бараткан аптада дүйнөлүк медиалардын негизи көңүлү Бээжинге бурулду. АКШ президенти Дональд Трамп менен Кытай лидери Си Цзиньпин эмне тууралуу сүйлөштү? Ирандагы согуш боюнча Кытайдын позициясы кандай? Кыргызстанда УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге козголгон кылмыш сотко өттү.
Ормуз кысыгындагы кырдаалдан улам Азиянын айрым өлкөлөрүндө күйүүчү майга болгон таңкыстык жаралууда. Экономикасы кубаттуу Индия жана Кытай сыяктуу ири өлкөлөр бул маселени кандай чечет? Кыргызстандын президенти Жапаровдун Кремлге күтүүсүз сапары жана Евробиримдиктин санкциялары.
Иран Ормуз кысыгы убактылуу ачылганын билдирди. Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу аракеттери уланууда. Кыргызстанда президент Жапаров Оштун райондорун кыдырып элдин арыз-арманын укту. Медиа ачык чагылдырган жолугушуулардан кийин эмнеге мамлекеттик органдарга сын-пикир күчөдү?
АКШ менен Иран ок атышууну убактылуу токтотуу тууралуу келишимге жетти. Ал тапта Израил Ливанды тынымсыз бомбалап жатат. Кыргызстанда “Кылым шамы" укук коргоо уюму соңку төрт жыл ичинде соцтармактарга жазган пикири жана бийликке сын айтканы үчүн соттолгондордун ишин кайра карап чыгууга чакырды.
Бул аптада Ирандагы согуштун дүйнөгө кесепеттери тууралуу көбүрөөк сөз болду. Медиалар кымбаттоолор тууралуу жазууда. Кыргызстанда УКМКнын мурдагы төрагасы, өлкөнүн экинчи адамы, бийликтин каары, сүрү катары айтылып келген Камчыбек Ташиевдин бир тууганы Шайырбек Ташиев камалды.
Өтүп бараткан апта дүйнөлүк медианын негизги темасы дале согуш жүрүп жаткан Жакынкы Чыгыш менен Украина болду. Иран менен Украинадагы согушту эмне байланыштырат? Кыргыз парламентинин төрагасы Москвадагы расмий жолугушууларында мигранттар көйгөйүн козгоду.
Израил Ирандын Перс булуңунда жайгашкан ири газ кениндеги заводго сокку урганы кырдаалды огобетер курчутту. Дүйнө энергетикалык кризиске кептелеби? Кыргызстанда өлкөдөн чыгып кеткен коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы К.Ташиевдин кайтып келиши бул аптадагы эң урунттуу окуялардын бири болду.
АКШ менен Израилдин Иранга жасалган чабуулуна эл аралык реакциялар кандай болгону жана АКШнын европалык союздаштарынын согушка мамилеси тууралуу “Апта Азаттыкта” айтып беребиз. Ошондой эле Ормуз кысыгынын дүйнөлүк, анын ичинде кыргыз экономикасына мааниси тууралуу кеп кылабыз.
Орусия Ураинага бастырып кирип согуш баштаганына төрт жыл толду. Согуштун аягы эмне менен бүтөт? Москва согушту токтотууга кызыкдарбы? Кыргызстанда Улуттук коопсуздук кызматынын айрым кызматкерлеринин үстүнөн даттанып ондогон ишкер арыз менен кайрылган.
Өтүп бараткан апта Кыргызстанда кадрдык өзгөрүүлөр, мурдагы коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын саналган жетекчилердин отставкалары менен коштолду. Дүйнөдө АКШ менен Иран ортосундагы аскердик тирешти болтурбоо үчүн дипломатиялык аракеттери уланууда.
“Азаттык” апта ичиндеги эң көп талкуу жараткан эки окуя тууралуу айтып берет. Өтүп бараткан аптадагы Кыргызстандагы эң негизги окуя өлкөдөгү “экинчи адам” атыккан Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан кетиши болду. Казакстанда 15-мартка белгиленген Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумдун алдында эмнеге тил маселеси козголду?
АКШда сексуалдык кылмыштар үчүн соттолуп, кийин түрмөдө каза болгон Жеффри Эпштейндин ишине байланыштуу миллиондогон жаңы документтер жарыяланды. Төбөсү көрүнгөн көп киши жаңжалдын ичинде калды. Кыргызстанда быйыл президенттик шайлоо өткөрүү тууралуу талкуу эмнеден жаралды?
Казак парламенти Курултай аталды, Кыргызстанда вице-президенттик кызмат пайда болобу? АКШ менен Европанын тирештирген Гренландия. Өтүп бараткан жумадагы талкуу жараткан окуяларды талдоого алабыз. Ишемби күндөрү Ютуб каналыбыздан, сайтыбыздан көрө аласыздар.
“Азаттык” өтүп бараткан аптадагы эки окуяны талдайт. Ишмеби күндөрү Ютуб каналыбыздан, сайтыбыздан апта ичиндеги дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы орчундуу окуяларга сереп салабыз. Бул жолу Ирандагы окуяларды жана Кыргызстандагы чиновниктердин декларациясы тууралуу талдайбыз.